Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 04:08
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Коопсуздук боюнча

08.04.2021 23:10
982
Коопсуздук боюнча


Кайдагы коопсуздук? Эгер дүкөндөн бирдеме сатып алып, аның начар чыкса кайра алпарсаң кууп чыкса!


Кайдагы коопсуздук? Жада калса, машинеңе запчасть алсаң аның бир күндө же бир жумада шалактап турса! 


Кайдагы коопсуздук? Авто базардан бир этек акчага машине алсаң аның Грузиядан же Россия, Америкадан авария болуп, Бишкекке келип оңдолуп, анан сага айтылбай сатылса! Анан сен байкуш алданып калсаң мамлекет сага болушпаса! Кайдагы коопсуздук? Балаңа Дордойдон буткийим алсаң аның эки айда кемшейип калса!


Эй, кайдагы коопсуздук? 30-40 жылдап иштеп пенсионный фондго акча төлөп жүрүп аягы 3000- 4000 миң сомго пенсияга чыксаң! Ким өзүн коопсуз сезсин анан!


Кайдагы коопсуздукту айтабыз? МАИ талдын түбүнөн аңдып тосуп штраф салып жатса. Билинип эле турбайбы МАИнин ою сага көрүнөө туруп жол коопсуздугун сакта деп эскертүүнүн ордуна эреже бузса жалдыратып акча алсам деп турганы! 


Кайдагы коопсуздук? Коопсуз шаар долбоорунун трехножкалары көрүнгөн жерде бекинип алып штраф жөнөтүп жатса! 


Кайсыл коопсуздукту кеп кылабыз? Врачтар орукананы шабашка канага айлантып алышса! Кайсыл коопсуздук жөнүндө сүйлөп жатабыз өй билермандар?!


Бул эми чекеси эле да! Бул эми тиричилик жөнүндө эле да! 


Маалыматтык коопсуздук деген бар!


Башкалардын жумшак күчү деген кооптуу темалар бар..!


Жана башка, жана башка толгон токой өлкөбүздүн коопсуздугуна залалы тийе турган кооптуу иштер бар өй! 


Эң негизгисисин айтайынчы! Коопсуздук жөнүндө олуттуу ойлоно ала турган баштардын аздыгы! Ээй, барынан ушу кооптуу!!!


Р.S.Албетте мунун баары бүгүн эле чыга калды дегенден алысмын. Бирок бүгүн чечилип баштабаса, эртең кечигебиз. ☹


Шайырбек Абдырахман

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн