Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 17:36
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басары кызматы түзүлдү

12.07.2021 11:53
985
Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басары кызматы түзүлдү



Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин ишин уюштуруунун айрым маселелери жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат саясат бөлүмү билдирди.


Аталган Жарлык Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында чыгарылды.


Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басары кызматы түзүлдү. 


Жарлык менен Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин курамына Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басарын киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн