Бугу 14, 2024
Убакыт: 07:47
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Коопсуздук кеңешинин катчысы Орхан Инандынын жоголушу боюнча кеңешме өткөрдү

03.06.2021 19:18
981
Коопсуздук кеңешинин катчысы Орхан Инандынын жоголушу боюнча кеңешме өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов бүгүн, 3-июнда, Кыргыз Республикасынын жараны Орхан Инандыга байланыштуу кырдаал боюнча укук коргоо органдарынын жетекчилери менен кезектеги ыкчам кеңешмесин өткөрдү.


Кеңешмеде ИИМ менен УКМКнын өкүлдөрү Орхан Инандыны издөө боюнча ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшү тууралуу маалымат беришти.


Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Орхан Инандынын кайсы жерде экенин тезинен аныктоо боюнча ведомстволор аралык координацияны, өз ара аракеттенүүнү күчөтүү жана бардык зарыл болгон ыкчам-тергөө чараларын көрүү зарылдыгын дагы бир жолу белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн