Бугу 18, 2024
Убакыт: 15:49
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Көп балалуу үй-бүлөлөргө кирешесине карабай 3 миң сомдон жөлөкпул берилет деген жарлыкка Садыр Жапаров кол койгон эмес

16.03.2021 13:22
580
Көп балалуу үй-бүлөлөргө кирешесине карабай 3 миң сомдон жөлөкпул берилет деген жарлыкка Садыр Жапаров кол койгон эмес

Көп балалуу үй-бүлөлөргө үч миң сом өлчөмүндө жөлөк пул төлөө жөнүндө Садыр Жапаров эч кандай жарлыкка кол койгон эмес, социалдык тармакта тараган маалымат жасалма. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, социалдык тармактарда жана мессенджерлерде президент Садыр Жапаров үч же андан көп балалуу үй-бүлөлөргө үй-бүлөлүк кирешесин текшерүүнү эске албастан, социалдык жөлөкпулдарды төлөө жөнүндө жарлыкка кол койгону жөнүндө маалымат тарап жатат.


«Бул маалымат жалган. Министрлик жарандардан аны жайылтпоону жана коомчулукту адаштырбоону өтүнөт», - деп билдирди министрлик.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
🤣Коридор озбекке берилет анан берилбейт.Пособие берилет берилбейт.Суйот суйбойт деген оюнга окшош екен