Чын курандын 18, 2024
Убакыт: 13:33
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Көпчүлүк спортчулардын идеалы Айсулуу болгону шексиз

04.08.2021 22:55
1819
Көпчүлүк спортчулардын идеалы Айсулуу болгону шексиз


Эсимде. "Азаттык+" 2012-жылы Лондон Олимпиадасына барчуларды тартып жүрүп Айсулуу аттуу кыз балбан барарын угуп калдык. Андан мурдагы Олимпиадада Руслан Түмөнбаев коло, Канат Бегалиев күмүш утуп, эркек балбандарыбыз гана таанымал эле. Анан Айсулууну тартсак элге кызыктуу болот деп Кант жакка жөнөп калдык. Барып залга кирсек ончакты бала күрөшүп атыптыр. Бирөө колун уйдун мүйүзү сыяктуу көрсөтүп "эшикке чыксаңар чачы момундай кыз чуркап жүрөт" деп калды. Айсулуу Тыныбекова стадиондо жалгыз экен. Үнү жумшак, баео, күлкүсү төгүлүп турган кыз экен. Ал жерде тарттык. Анан залга кирип эле баягы эркек балдарды биринен сала бирин чаап баштаса. Тигилердин деле кыздан жыгылдык деп уялган түрү жок. Көнүп бүтүшүптүр. Көрсө өнөктөшү жоктугунун айынан ушинтчү тура.
Анан жатаканасына бардык. Жүгүн көтөрүшкөн, жеткирип койгон эч ким деле болбоду. Жупуну бөлмөгө кирип жайгашты.


Лондон Олимпиадасынан Айсулуу 13-орунду алып келди. Ошондон элге кеңири тааныла баштады.
Токио Олимпиадасынын катышуучусу Айпери Медет кызы, Олимпиададан коло уткан Мээрим Жуманазарова дал ошол 2012-жылдары күрөш менен алектене башташкан. Ошондо алардын идеалы Айсулуу болгону шексиз.


Башка да ондогон жаштарга дем берип, "биз да спортто ийгиликке жетсек болот экен, эл сүрөйт экен" дедирткен ушул Айсулуу.


Бүтүндөй элди бириктирген ушул Айсулуу.


Эчен ийгиликтерге жетсе да көөп кетпеген ушул Айсулуу.


Бизге карыз болбосо да Рио Олимпиадасында медаль ута албай калганына ыйлап, кечирим сураган ушул Айсулуу.


Жашы өйдөлөп баратканына карабастан элдин үмүтүнө суу сепкиси келбей чымырканып, Олимпиаданы утуп анан турмушка чыгам деген өжөр Айсулуу.


Аял лидер боло алат, аялдын колунан баары келет деген ишенимди бекемдеген ушул Айсулуу!


Айсулуу болбосо Мээрим коло алат беле?
Айсулуу болбосо ушинтип күйөрмандык кылат белек?
Айсулуу болбосо спорттун бул түрүнө өкмөт инвестиция салат беле?
Стипендиялары көбөйүп, бизнесмендер ийип турат беле?


Менимче, анын жеңишин медаль менен өлчөсөк арзан баалаган болобуз. Ал биздин улуттук символубуз. Убагында, тирүүсүндө баалайлы.



Токио үчүн ыйлаба, кечирим сураба, башты бийик көтөр, карындашым.



Сага чексиз ыраазыбыз, АЙСУЛУУ!



Али Токтакунов, журналист

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн