Чын курандын 18, 2024
Убакыт: 08:42
USD
89.10
89.87
EUR
94.50
95.50
RUB
0.935
0.960

Корея Кыргызстандагы музейлерди өнүктүрүүгө 2,5 млн доллар бөлөт

18.10.2022 14:49
2231
Корея Кыргызстандагы музейлерди өнүктүрүүгө 2,5 млн доллар бөлөт

Кыргызстанда музей системасын өнүктүрүү иштери активдүү жүрүп жатат. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Түмөнбай Колдошов билдирди.


Анын айтымында, мунун алкагында КР министрлер кабинетинин “Өзгөн мамлекеттик тарыхый-маданий музей коругун түзүү жөнүндө” жана Чолпон-Ата шаарында жайгашкан "Мухтар Ауэзов китепкана-музей имаратына жанаша жайгашкан жер тилкелерин мамлекеттин менчигине өткөрүү жөнүндө" токтому кабыл алынды.


“Кыргызстандагы музейлерди өнүктүрүүгө Кореянын Маданият, спорт жана туризм министрлигине караштуу Азия маданият борбору тарабынан 3 млрд вон (2,5 млн АКШ доллары) бөлүндү. Бул 4 жылдын ичинде ишке ашырыла турган иш-аракеттерге жумшалмакчы. Анын ичинде Тарых музейинде, Г.Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде жана Курманжан Даткан атындагы көчмөндөр цивилизациясы борборунда иш-аракеттер жүргүзүлүүдө", - деди Колдошов.


Ошондой эле ал белгилегендей, АКШ элчилигинин алдындагы Маданий мурастарды сактоо фондунун колдоосу менен XI кылымга таандык жана 2014-жылдан бери ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген Бурана мунарасын адамдын иш-аракетинен жана климаттык шарттардан улам бузулуудан сактап калуу долбоорун ишке ашыруу боюнча иштер аткарылууда.


"Жети-Өгүздөгү тарых таануу музейинде дагы жакшыртуу иштери жүрүп жатат. Тарых музейиндеги, Г.Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейиндеги жана Сулайман-Тоо комплексиндеги музей буюмдарын жана музей коллекцияларын консервациялоо жана рестоврациялоо иштери жүргүзүлүүдө. Отчеттук мезгилде жалпы 370 экспонат рестоврациядан өткөрүлдү", - деди ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн