Бугу 15, 2024
Убакыт: 02:03
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Кореянын президенти Садыр Жапаровду дипмамилелердин 30 жылдыгына карата куттуктады

31.01.2022 12:32
1370
Кореянын президенти Садыр Жапаровду дипмамилелердин 30 жылдыгына карата куттуктады

Корея Республикасынын президенти Мун Чжэ Ин Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду Корея Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.


«1992-жылдын 31-январында эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамилелер орнотулгандан бери биз ар түрдүү тармактарда, анын ичинде саясат, экономика, маданият жана гуманитардык алмашуулардагы мамилелерибизди ырааттуу өнүктүрүп келе жатканыбызды зор кубаныч менен белгилегим келет.


Дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгын белгилөө менен өлкөлөрүбүздүн ортосундагы практикалык кызматташтык кеңейип, ар кандай салтанаттуу иш-чаралар аркылуу эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана достук чыңдалат деп ишенем», — деп айтылат куттуктоо катында.


Мун Чжэ Ин Садыр Жапаровго чың ден соолук, бакубатчылык жана Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсүн каалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн