«Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору даярдалды. Бул долбоор жарандарды аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакыруунун сапатын жакшыртуу жана тутумдук коррупцияны жоюу боюнча иш-чаралардын алкагында иштелип чыкканын Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Конституциянын 54-беренесине ылайык жарандардын аскердик милдеттүүлүгү белгиленген жана жарандардын аскерге милдеттүүлүгүн ишке ашыруу менен байланышкан маселелер, жарандарды аскердик кызматтан өтүүдөн бошотуу тартиби жана негиздер же аларды альтернативдик кызмат менен алмаштыруу «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамында (мындан ары мыйзам) аныкталган.
Азыркы учурда чакыруу жашындагы көп жарандар ар кандай себептер менен мамлекеттин чегинен сырткары жүрүшөт. Альтернативдик кызмат өтөөнү каалаган жарандар алардын өлкөдө болбогонунан же чакыруу иш-чараларынын белгиленген мөөнөттөрдө (жазында, күзүндө) өткөндүктөн ушул кызматты өтүү мүмкүнчүлүгү жок.
Аскердик кызматты өтөөгө ден соолугунун абалы боюнча чектөө даражалары бар жарандар мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөй албайт. Анткени ушул категориядагы жарандарга жылдан-жылга ден соолугунун абалы боюнча мөөнөтүнөн узартуу 6 айлык мөөнөткө берилет. Ушуга байланыштуу чакыруу комиссиясы акыркы чечимди кабыл ала албайт.
Жарандарга үй-бүлөлүк шарттары менен альтернативдик кызмат өтөө укугун берүүдө, үй-бүлөлүк шарттары бирдей деңгээлдеги жарандарга ар кандай укуктар каралган. Мисалга алсак, өзүнөн кийин төрт же андан көп он сегиз жашка толо элек бир туугандары бар жаранга альтернативдик кызмат өтөө укугу берилген. Ал эми баатыр эненин жалгыз эркек баласы болсо ал анык аскер кызматына чакырылууга тийиш.
Үй-бүлөлүк шарттары менен альтернативдик кызматка чакырылган жарандар биринчи категориядагы запаска бошотулуу үчүн атайын жыйындарды өтөп, аскердик ант бергенден кийин запаска бошотулуп, аскердик билетин алышат. Көп учурда жарандар альтернативдик кызматка үй-бүлөлүк шарттары менен чакырылып, акча каражатын төлөп коюп, ар кандай себептер менен жыйындарды өтүшпөйт (мамлекеттин чегинен сырткары жүрүшөт, жыйындарга катышуудан баш тартышат, ж.б.). Бул учурда кызмат өтөө мөөнөтү аяктаган кызматчылар запаска бошотулбай, каттоодо тургандардын саны көбөйүүдө.
Альтернативдик кызматка коомдук пайдалуу жумуштарды аткаруу шарты менен чакырылган жарандар өз кезегинде коомдук пайдалуу жумуштарды аткарууну каалабайт же болбосо иштегени тууралуу маалымкаттарды ар кандай жолдор менен алууга, анын ичинде пара берип сатып алууга умтулушат. Жарандардын коомдук пайдалуу жумуштарды аткарбоосуна дагы бир себеп болуп ички жана тышкы миграция саналууда. Анткени, көп жарандар альтернативдик кызматка болгон тиешелүү акча каражатын төлөп коюп, коомдук пайдалуу жумуштарды аткарбастан ар кайсы жактарга чыгып кетүүдө. Мындай жарандардын саны бүгүнкү күндө үч миңге жакын.
Ушул себептен мыйзамдын мындай ченеми жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана аскер комиссариаттарынын кызмат адамдары жарандарга тиешелүү маалым каттарды берүүдө өздөрүнүн кызматтык милдеттерин кыянаттык менен пайдаланууга шарт түзүүдө.
Мыйзамга ылайык, он сегизден жыйырма беш жашка чейинки курактагы, райондук (шаардык) аскер комиссариаттарында аскердик каттоодо турган, мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакырылууга тийиш болгон эркек жынысындагы жарандар аскерге чакырылуучулар деп эсептелет. Практика көрсөткөндөй, бүгүнкү күндө аскердик кызматка чакырылууга тийиш болгон, жыйырма эки жаштан жогору курактагы жогорку билимдүү, ден соолугу чың жарандар 500 эсептик көрсөткүчтү төлөп, мобилизациялык резервдин жыйындарына чакырылып жатат. Башкача айтканда, мөөнөттүү аскердик кызматтын ордуна бир айлык жыйындарга. Жыйынтыгында мөөнөттүү аскер кызматына чакырылуучулардын сапаты төмөндөөдө.
25 жаштагы жана андан жогорку курактагы, коргоо иштерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын эсебине 250 эсептик өлчөмдөгү төгүмдү төлөгөн жарандар аскердик-каттоо документтерин (мындан ары аскердик билет) алууда укук коргоо органдарынан кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө билдирүүнү (баш тартуу) алууда кыйынчылыктар жаралууда. Аскердик билетти берүүдө бул документ эч кандай мааниге ээ эмес, бирок мыйзамдын ушул ченеми укук коргоо органдарынын жоопкерчиликтүү кызмат адамдары тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шарт түзүүдө.
Аталган мыйзамдын кээ бир беренелеринде мамлекеттик тилде жазылган нускасы менен расмий тилде жазылган нускасынын маанилеринин бири-бирине дал келбегени аныкталууда.
Жогоруда айтылгандардын негизинде сунушталат:
1) Мыйзамдын мамлекеттик тилдеги нускасы менен расмий тилдеги нускасынын бири бирине дал келүүсү үчүн беренелерге оңдоолорду киргизүү;
2) Өлкөнүн аймагынан тышкары жүргөн жарандарга альтернативдик кызмат өтөөгө мүмкүнчүлүк берүү;
3) Ден соолугунун абалы боюнча чектөө даражалары бар жарандарга альтернативдик кызматка чакырып, аскердик кызматтан өтүүнү;
4) Үй-бүлөлүк шарттары боюнча альтернативдик кызматты өтүү укугу бар жарандарга альтернативдик кызматты өтүү укугун берүүчү жаңы пункттарды кошуу;
5) Коомдук пайдалуу жумуштарды аткаруу менен альтернативдик кызматка чакырылган жарандарга көрсөтүлгөн сумманы (250 эсептик көрсөткүчтү) мөөнөтүнөн мурда (жарым мөөнөттө) мамлекеттик бюджеттин эсебине төлөп берсе, 108 саат өлчөмүндө коомдук пайдалуу жумуштарды аткарбастан запаска бошотуу;
6) Үй-бүлөлүк шарттары менен альтернативдик кызматка чакырылып, бирок атайын жыйындарды өтөбөгөн жарандарды экинчи категориядагы заспаска бошотуу менен аскердик билет берүү;
7) 30 жашка чейинки жогорку билимдүү 1-категориядагы запаста турган аскерге милдеттүүлөргө запас боюнча биринчи офицердик лейтенант наамын ыйгаруу менен запастагы офицерлерди даярдоо боюнча жыйындарды өтүү мүмкүнчүлүгүн берүү.
Көрсөтүлгөн сунуштарды кабыл алуу төмөнкүлөргө алып келет:
- альтернативдик кызматты өтөөдө коррупциялык көрүнүштөрдү жокко чыгарууга;
- аскердик милдет менен байланышкан жарандардын укуктарына чектөөлөр коюлбайт;
- КР КК ББМ жана башка аскердик түзүлүштөрдү аскердик-каттоо адистиктерине ылайык мобилизациялык ресурстар менен камсыздоо үчүн толуктоо маселелерин чечүүгө жана аскерлерди комплекттөө планын аткарууга;
- бюджеттин эсебине акча каражатынын түшүүсүн көбөйтөт.
Каралып жаткан мыйзам долбоорун кабыл алууда төмөнкү укук ченемдик актылары кайра каралууга тийиш:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы №770 “Кыргыз Республикасынын жарандарын чакырууга даярдоо жана өткөрүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому;
Өкмөттүн 2009-жылдын 18-декабрындагы №771 “Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүндө медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому;
Өкмөттүн 2009-жылдын 18-майындагы №306 “Кыргыз Республикасынын жарандарынын альтернативдик кызматты өтөөсүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому;
Өкмөттүн 2016-жылдын 1-ноябрындагы №566 “Кыргыз Республикасынын жарандарынын мобилизациялык резервдин жыйындарын өтүүнүн жана чакырууну тартибин бекитүү тууралуу” токтому.
Мындан сырткары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы кабыл алынганына байланыштуу мыйзам долбоору менен техникалык мүнөздөгү оңдоолорду киргизүү каралат. Тактап айтканда, мыйзамдын бардык тексти боюнча «Өкмөт» деген сөз «Министрлер кабинети» деген сөзгө алмаштырылат.
Аталган мыйзам долбоорун кабыл алуу терс социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык жана коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 22-беренесине ылайык, коомдук талкуулоо жол-жобосунан өтүү үчүн ушул токтомдун долбоору Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине расмий сайтына жайгаштыруу үчүн жана ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуунун бирдей порталына жөнөтүлдү.
Берилген мыйзам долбоору колдонуудагы мыйзамдардын, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине карама-каршы келбейт.
Ушул мыйзам долбоорун кабыл алуу республикалык бюджеттен кошумча акча каражаттарды бөлүүгө алып келбейт.
Булак: "Баракелде"
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн