Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 09:37
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Коргоо министрлиги эки жогорку окуу жайында аскер кафедрасын ачат

04.07.2022 12:58
821
Коргоо министрлиги эки жогорку окуу жайында аскер кафедрасын ачат


Коргоо министрлиги аскердик кафедраларды кайра ачуу чечимин кабыл алды. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкуулоо үчүн министрлер кабинетинин сайтына жарыяланды.


Ведомстводон билдиришкендей, документ бүгүнкү күндө эң популярдуу адистиктер – «Жарандык коргонуу» жана «Жарандарды аскерге чакырууга чейинки даярдоо» адистиктери боюнча запастагы офицерлерди даярдоо үчүн аскердик кафедраларды ачууга укуктук негиз түзүү, бул чөйрөдөгү адистердин билим деңгээли алардын калкты авариялардын, кыйроолордун, табигый кырсыктардын кесепеттеринен коргоодо көрсөткөн жардамынын сапатына, ошондой эле жарандарды аскерге чакырууга чейинки даярдоонун сапатына, кызмат кылуу жана жаш муундарды патриоттук тарбиялоо максатында иштелип чыккан.


«Жарандык коргонуу» адистиги боюнча Эл аралык илим жана бизнес университетинин базасында жана Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын базасында «аскерге чакырууга чейинки даярдоо» адистиги боюнча аскердик кафедралар уюштурулат деп болжолдонууда»., - деп билдирет министрлик.


Эске салсак, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын аскердик факультетин кошпогондо, жогорку окуу жайлардын алдындагы аскердик кафедралар 2017-жылы жоюлган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн