Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 10:47
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Көркөм жана даректүү тасмаларга "Эң мыкты кинодолбоор" сынагы жарыяланды

14.07.2022 09:03
1429
Көркөм жана даректүү тасмаларга "Эң мыкты кинодолбоор" сынагы жарыяланды


Кинематографисттер арасында көркөм жана даректүү тасмаларга "Эң мыкты кинодолбоор" сынагы жарыяланды. Бул тууралуу Маданият министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

"Долбоорлор инсандын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсүнө түрткү берген, патриоттуулукка үндөгөн, социалдык маанилүү маселелерди чагылдырган темаларды камтуусу зарыл", — деп жазылат маалыматта.

Кабыл алуу эрежелери:

- тасманын авторлору кыргыз жараны болушу керек;

- долбоорлор кыргыз же орус тилинде кабыл алынат.

Талаптар:

- Долбоордун берилген темага ылайыктуулугу (1-2 барак).

- сценарий;

- өтүнүч (автордун тасма аркылуу берейин деген ою).

- календардык план;

- долбоордун бюджети;

- кинодолбоордун режиссёрунун, сценаристинин өмүр баяны, атайын окуу жайын же режиссёрдук курсту бүтүргөндүгү тууралуу документ;

- режиссёрдун фильмографиясы, эл аралык кинофестивалдарда алган сыйлыктарынын көчүрмөлөрү;

- кинодолбоорлорго кино тармагында жетишкендиктери бар адистин көркөм жетекчи болууга макулдук каты;

- тарта турган кинокомпаниянын же студиянын фильмографиясы.

"Тизмедеги талап кылынган иш кагаздар 5 экземпляр болушу керек. Иш кагаздар толук болбосо кабыл алынбайт", — деп айтылат билдирмеде.

Кошумча маалыматты 312 300265, 312 301046 телефондоруна чалып алса болот.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн