Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 11:38
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Коронавирус аныкталган 12 адам жандандыруу бөлүмүндө, 52 бейтаптын абалы оор

27.06.2020 14:28
1233
Коронавирус аныкталган 12 адам жандандыруу бөлүмүндө, 52 бейтаптын абалы оор

Коронавируска кабылган жарандардын ичинен 12 адам жандандыруу бөлүмүндө жатат.  Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 27-июндагы брифингде билдирди.


Анын айтымында, коронавирус оорусун жуктургандардын жалпы саны 4513 адамга жетти. Стационарларда 628 адам дарыланып жатат. Алардын ичинен 52 бейтаптын абалы оор болсо, 12 адам жандандыруу бөлүмүндө. Ал эми 222 бейтаптын абалы орто оор жана 354 адамдын абалы канааттандырарлык деп бааланууда. Ошондой эле оорусу симптому жок өтүп жаткан 1627 адам үй карантинде.


27-июнга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 309 учур катталды. Муну менен республика боюнча коронавирус инфекциясын жуктургандардын жалпы саны 4513 болду. Коронавирус аныкталгандан кийин 46 адам каза болгон.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн