Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 05:17
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Коронавирус бир суткада 83 доктурдан аныкталды

09.07.2020 10:09
1003
Коронавирус бир суткада 83 доктурдан аныкталды


Бир сутка ичинде өлкө боюнча 83 медицина кызматкеринен коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.


Жаңы учурлар:


Бишкек шаарында – 20;
Чүй облусунда – 5;
Ош шаарында – 22;
Ош облусунда – 12;
Нарын облусунда – 3;
Ысык-Көл облусунда – 8;
Жалал-Абад облусунда – 8;
Баткен облусунда – 5;


Ал эми бир суткада 10 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты. Муну менен дарттан сакайган ак халатчандардын жалпы саны 532ге жетти.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында – 1370 учур катталды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн