Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 04:29
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Коронавирус элдин кенебестигин жана өкмөттүн шалаакылыгын сүйбөйт

30.03.2021 12:13
647
Коронавирус элдин кенебестигин жана өкмөттүн шалаакылыгын сүйбөйт


Акыркы күндөрдө коронавирус илдетине чалдыккандардын саны кайрадан көбөйө баштады. Каза болгондор да токтой элек. 27-мартта илдетти жаңы жуктуруп алгандар 88 болсо, 30-мартка карата 113 жаңы учур катталганы белгилүү болду. Бир адам каза болгону да айтылды. 


Айтор, пандемиянын Европа мамлекеттерин аралай баштаган үчүнчү толкуну Борбор Азия мамлекеттерин да кыйгап өтө албай тургандай таасир калтырууда. Коңшулаш Казакстанда карантиндик чаралар күчөтүлгөнүн билебиз. Ал эми 1-апрелден тарта Бишкектеги соода борборлорунда жаш балдар ойноочу жайлар жабыла турганы белгилүү болду. Бул тууралуу Бишкектин вице-мэри Айжан Чыныбаева брифингде билдирди. Анын айтымында балдар ойноочу жайлар эки жумага жабылат. Андан кийин эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу чечим кабыл алынат. 


Илдетке чалдыккандардын күндөн-күнгө көбөйө баштаганы албетте көңүл бура турган көрүнүш. Буга биринчи кезекте жарандар өздөрү да олуттуу мамиле жасап, тиешелүү санитардык-эпидемиологиялык талаптарды так аткарууга тийиш. Тилекке каршы, борбор шаарыбызда бет кап тагынган адамдар чанда гана кездешет. Коомдук транспорттордо пандемияга чейинкидей эле абал кайталанууда. Кафе-ресторандарда той-топурлар мурдагыдай эле уланып жатканын көрүп жатабыз. Ушундан улам өткөн жылдагы кенебестигибиздин арты июль апаатын пайда кылганын аргасыз эстөөгө туура келет. 


Экинчиден, коронавирустун үчүнчү толкунун алдын алууга кыргыз өкмөтү кандай аракеттерди жасап жатканы да коомчулукка белгисиз. Өткөн жылы элди карантинге үйүнө камап коюп, республикалык штаб күнүнө канча адам коменданттык сааттын тартиптерин бузганын, канча жңы учур катталганын эле айтып отуруп алган. Коменданттык саат, өзгөчө абал режими алынгандан кийин эпидемиологиялык абал курчуп, натыйжада күнүнө 40-50 адам аты жаман илдеттен каза тапкан каргашалуу июль айы болуп өттү. 


Ооруканаларда орун жетишпей, өтө оор абалда баргандар көчөдө калып жатты. Дарыканаларда дары-дармектердин баасы 4-5 эсе кымбаттады. Кымбаттаганы аз келгенсип, ал дарылардын табылышы да маселе жаратты. Ооруканаларда жасалма дем алдыруучу аппараттардын жетишсиздигин жон терибиз менен сездик. Медиктер үчүн жеке коргонуучу каражаттар тартыш болду. Айтор эл кимден жардам күтөөрүн билбей, тополоңго түшүп калганын билебиз. 


Ушундай тополоңду жаратпай, дары-дармектердин, медиктер үчүн жеке коргонуучу каражаттардын запасын даярдап коюуга мүмкүн эле. Анан дагы кошумча койко-орундарды камдап коюу зарылчылыгы бар болчу. Тилекке каршы, бул аракеттер жасалбаганы ачыкталды. Натыйжада күнүнө 40-50дөн адам жарык дүйнөнү таштап кетип жатканы, үмүтсүздүк курчаган июль айы эстен кетпейт. 


Бул бүгүнкү кыргыз өкмөтү үчүн өтө чоң сабак болушу керек. Андыктан азыртадан даярдыктарды көрүү маанилүү. Бул жаатта өкмөт учурда кандай иштерди жасап жатат? Эгер оору дагы күчөп кетсе, күнүнө өткөн жылдагыдай 1000дин тегерегинде жуктургандар катталса, элди тополоңго салбай тургандай даярдыктар барбы? Дары-дармектердин запасы жетиштүүбү? «Тез жардам» жетишпей калган жерлерге барып, биринчи жардам көрсөтө турган ыктыярчыларды түзүү аракеттери көрүлүп жатабы? Медиктер жеке коргонуучу каражаттар менен толук камсыздалганбы? Өткөн жылдагыдай ооруканага оор абалда барып, бирок эч кандай медициналык жардам көрсөтүлбөй жатып эле каза болуп калган көрүнүштөр кайталанбайбы? Бир сөз менен айтканда, кыргыз өкмөтү коронавирустун болуп кетиши мүмкүн болгон үчүнчү толкунуна кандай даярдыктарды көрүп жатканы тууралуу коомчулукка маалымат берип койгону дурус болуп турат. Даярдыктын мыкты болгону дагы толкундун жеңил өтүшүн камсыздайт эмеспи?


Сагынбек Сатыкеев 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн