COVID-19 эпидемиясы дүйнө мамлекеттериндеги оркойгон кемчилдиктерди, ак менен караны чыпкалап жатат. Учурда бул илдетке чалдыккандардын саны 1 миллион 800 миңден ашты. Каза болгондор да арбып баратат. Айыгып чыккандар да арбын. Дээрлик басымдуу мамлекеттерде өзгөчө абал. Үйлөрүнөн азык-түлүк дүкөнүнө, дарыканага жана ооруканага гана чыгууга уруксат. Мына ушундай абалдан Кыргызстан да сырткары эмес.
Өзүбүздүн өлкөдө болуп жаткан абал да өзүбүздөгү “шиши толгон” маселердин жарылып чыга башташына себепкер болууда. Өлкөбүздүн айрым аймактарында 25-апрелден тарта өзгөчө абал. Саат 20-00дөн 7-00гө чейин коменданттык саат – көчөгө чыгууга болбойт. Күндүзү да жогоруда айтылган себептер менен гана кыска убакытка көчөгө чыгууга уруксат.
Бул абалда биз кандай көрүнүштөргө күбө болуудабыз? Өздөрү кыргыз болуп туруп, кыргыз элин малга теңеп, “сасыктар, мырктар, акмактар” деген акылы кемтик жаштардын чектен ашкан жоруктарына күбө болуп жатабыз. Кудум сүйлөшүп алышкансып, ортодон бир нече күн өткөрүп, анан чыгышууда. Үйдө жөн эле жатып, эч кимге тийишпей эле отуруп, “акмак кыргыз” деген сөгүш уктук. Анын артынан “сасык, мырктар” деген кемсинтүүлөрдү угуп жатабыз. "Эмне мага кыргызча сүйлөйт, орусча эки ооз сөз менен айта албайбы? Эмне мектепте орус тилин окуган жок белең?“ деп акылдуусунуп, милиция кызматкерлерин жулмалаган селкини карап отуруп зээн кейийт. Ал өзүн жалпы кыргыз элинен өйдө санап, билимдүүдөй көрүнгүсү келип жатканы менен жеткен акылсыз, ыймансыз, билимсиз түркөй экенин далилдеп жатканын түшүнгөн жок.
Аргасыздан Байдылда Саногоевдин:
Эне тилин билбеген,
Эси жогун аныктайт.
Эне тилин сүйбөгөн,
Элин сүйүп жарытпайт, - деген ыр саптары эске түшөт. Кечеги маңкурт кыздын жоругуна мындан таамай баа берүү кыйын болсо керек.
“Мен чуркашым керек болчу” деп көчүгүн булайткан шортичен кыздын жоругу, кыргыздын “Кызга кырк үйдөн тыюу” деген накыл кебинин иштен чыгып калганын көрсөттү. “Эркек бузулса аял бузулат, аял бузулса коом бузулат” деп Мухаммед пайгамбар айткан экен. Демек, бул көрүнүш коомубуздун бузулуп бара жатканынын олуттуу белгиси.
Ошол эле учурда айрым саясатчылар коронавирус илдетин “жок эле оору” дегендей сүрөттөп, “бийлик элди жөн эле дүрбөлөңгө түшүрүп жатат” кыязында сын айтууда. Эгерде бул илдеттин жайылып кетүүсүн алдын-алуу үчүн чараларды көрбөй, кадимкидей жай турмуштун агымына эле кое бергенде арты өтө өкүнүчтүү болуп калышы мүмкүн экендигин эске алгылары келбей жатышкансыйт. Бул оорунун бар экенине ынаныш үчүн сөзсүз эле адамдар боо-боо түшүп кырылышы керек беле деген суроо аргасыз жаралат.
Кубандыра турган да жагдайлар жок эмес. Кыргыз эли оор күндөрдө бири-бирине кайрымдуу, боорукер, күйүмдүү боло ала тургандыгын да көрсөтүүдө. Ири ишкерлерден тарта карапайым жарандарга чейин коронавирус илдетине каршы күрөшкө колдорунан келген финансылык жардамдарын көрсөтүүдө. Атайын ачылган эсепке 100 миллиондон ашуун каражат келип түштү.
Мындан сырткары, мүшөктөп ун, литрлеп май тараткан кайрымдуу адамдар чыгып жатат. Ошол эле убакта ушундай кайрымдуулук иштери менен өздөрүнө пиар жасагысы келгендер да арбын. Унду кантип таратып жаткандарын видеого тартып, социалдык түйүндөргө кайра-кайра жүктөп, өздөрүн бүгүнкү күндүн баатыры кылып көрсөтүп жаткандарды көрүп жатабыз. “Бир колуң бергенди, экинчи колуң билбесин” дечү эле кыргыз элибиз деп гана унчукпай отурабыз. “Бербей койгондон көрө бергендери жакшы эмеспи” деген да пикирлер бар.
Айтор, коронавирус эпидемиясы калктын саламаттыгына, мамлекеттердин экономикалык абалына чоң коркунучтарды жаратуу менен бирге, коомдогу ирип-чирип бараткан, ичтен билинбей былгып бараткан коркунучтарды калкытып чыгарууда. Ал кандай коркунучтар? Жаштар жетишээрлик тарбия албай жатышканы, мамлекеттик тилибиз болгон кыргыз тилине жасап жаткан кечирилгис мамиле, бардык маселени саясатка байламай, абийир, ар-намыс, адамгерчилик, маданияттуулук деген асыл баалуулуктардын талкаланганы ачыкка чыкты.
Демек, кандай жыйынтыкка келишибиз керек? Колубузду, денебизди улам самындап жууп, жашап жаткан жерибизди дезинфекциялап гана отуруу жетишсиз экенин түшүндүк. Жан дүйнөбүздү, жашоо образыбызды, коомдогу былгып бараткан көйгөйлөрдү кошо дезинфекциялоо зарылчылыгы пайда болуптур. Биз коронавирустан сактануу, аны жайылтпоо үчүн аракеттерди жасап жатсак, коронавирус коомдогу тескери жагдайларды, өтүшүп бараткан көйгөйлөрдү да “дезинфекциялоо” үчүн атайын келген сыяктуу болууда.
Канатбек Аскаров
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн