Бугу 09, 2024
Убакыт: 06:45
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Коронавирус курмандыктарынын саны боюнча Бразилия экинчи орунга чыкты

13.06.2020 13:53
1138
Коронавирус курмандыктарынын саны боюнча Бразилия экинчи орунга чыкты


Бразилия коронавирус курмандыктарынын саны боюнча Улуу Британияны кууп өтүп экинчи орунга чыкты деп маалымдады Reuters агенттиги.


Акыркы маалыматтар боюнча, сөз болуп жаткан латын америкалык өлкөдө вирус жуккандардын саны соңку 24 саат аралыгында 26 миңге көбөйүп, жалпы эсеп 828 810 адамды түздү. Булардын ичинен 41 828 бейтап көз жумду.


Бүткүл дүйнөлук саламаттыкты сактоо уюмунун саламаттыкты сактоо жаатындагы өзгөчө кырдаалдар боюнча программасынын директору Майкл Райан коронавирус эпидемиясынын оор сыноосун Америкалык аймагктагы өлкөлөр өзүнө алды деп билдирди. Айтымында, COVID-19дан олуттуу жабыр тарткан 10 мамлекет Түндүк жана Түштүк Америкада. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн