Бугу 12, 2024
Убакыт: 10:46
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Коронавирус табылган Нурсултан Назарбаевдин абалы кандай?

22.06.2020 09:37
1135
Коронавирус табылган Нурсултан Назарбаевдин абалы кандай?


Коронавирус аныкталган Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев өзүн жакшы сезип жатат. Бул тууралуу эл башынын басма сөз катчысы Айдос Укибай билдирди. 


Анын айтымында, COVID-19 инфекциясы Назарбаевде симптому (белги) жок өтүүдө. Бирок, 79 жаштагы саясатчы баары бир дарыгерлердин көзөмөлүнө болуп жатат. 


Буга чейин Айдос Укибай биринчи президентке өлкө башчы Касым-Жомарт Токаев да колдоо көрсөтүп жатканын айтып: "Эл башы аралыктан иштөөнү улантып жатат. Дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок. Бекитилген протоколго ылайык, биринчи президенттин башка адамдар менен болгон байланышуусуна чектөө коюлду. Балким эл башынын катышуусунда пландалган иш-чаралар онлайн форматта өтөт", - деген. 


Н.Назарбаевден коронавирус инфекциясы 18-июнда аныкталган. Ал 6-июлда 80 жашка чыгат. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн