Бугу 10, 2024
Убакыт: 13:08
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Коронавирус учурунда Ысык-Көлгө түшсө болобу? Дарыгердин жообу

29.07.2020 11:10
1282
Коронавирус учурунда Ысык-Көлгө түшсө болобу? Дарыгердин жообу


Коронавирус менен ооруп жаткан адамдарга Ысык-Көлгө барууга болбойт. Бул тууралуу ден соолукту чыңдоо борборунун дарыгери Жамиля Усупова  "Дарыгер байланышта" программасынын түз эфиринде билдирди. 


Анын айтымында, Ысык-Көлдүн аба ырайы адамдын ден соолугуна жакшы таасир берет. 


"Эгерде сиз коронавирус менен ооруган эмес болсоңуз, анда албетте, Ысык-Көлгө барып эс алсаңыз болот. Сөзсүз түрдө социалдык аралыкты сактап, чоң компания менен эмес, жакындарыңар менен гана барсаңыз болот. Эгерде сиз коронавирус менен ооруп жатсаңыз, анда сизге Ысык-Көлгө барып, көлгө түшүүгө болбойт.


Ал эми ооруп айыккан болсоңуз, анда стационардан чыккандан кийин 2 жума обочолонууда болушуңуз керек. Андан кийин гана организмиңизди калыбына келтирүү үчүн Ысык-Көлгө барууга болот. Бирок, ооруп айыккан адам сууга түшкөндө организми стресске кабылат. Ошондуктан сууга түшпөй турганы жакшырак", - деди дарыгер. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн