Бугу 10, 2024
Убакыт: 23:36
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Коронавирустан кийин ден соолукту кантип калыбына келтирүү керек? Адистин жообу

29.07.2020 11:39
981
Коронавирустан кийин ден соолукту кантип калыбына келтирүү керек? Адистин жообу


Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун директору Нурила Алтымышева коронавирус инфекциясынан айыккандар үй шартында эмне кылуусу керек экенин айтты.

 

Анын айтымында, организм калыбына келү үчүн узак мөөнөт талап кылынат.

 

“Инфекциядан айыккандардын организми калыбына келиши үчүн убакыт керек. Себеби муундары калчылдап, иммунитетти алсыз болуп, басканда демигип кыйналышат. Айрыкча оор түрү менен ооругандарга кыйын болот.


Алар суюктуктуу көп ичүүсү керек. Ошондой эле сүт азыктарын, майлуу эмес эт азыктарын кайнатып ичүүсү керек, белоктор менен витаминдерди колдонуусу керек. Жашылча-жемиштерди да тамак-ашта көп колдонуу оң натыйжа берет. Курулган, туздалган, кургатылган, таттуу суулардан, тамекиден жана ичимдик ичүүдөн баш тартуу керек.


Күнүнө жарым сааттан басканга жана чуркаганга убакыт бөлүү оң жыйынтык берет. Дем алуучу көнүгүүлөрда мыкты жардам берет. Өз учурунда жана 8 сааттан аз уктабоо керек. Эң негизгиси санитардык эрежелерди сөзсүз түрдө сактоосу керек”, - деди адис.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн