Коронавирус илдетине чалдыккан 3 адам менен байланышкан 90дон ашык киши абсербацияга жаткырылды. Бул тууралуу бүгүн, 18-март Өкмөт Үйүндө өткөн брифингде Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.
Анын айтуусуна караганда илдетке чалдыккандардын бири 70 жашта болсо, экинчиси 62 жашта үчүнчүсү 46 жашта.
"Учуп келген 8 адамдын тизмеси такталып, ар биринин анализи алынып, алардын үчөөнөн илдет табылган. Алар учурда Жалал-Абаддагы инфекциялык ооруканада жатат. Ошол 8 адам кайда барды эмне кылды такталып, түнү боюу иштеп учурда 90дон ашык адам обсербацияга жаткырылды" , -деди Космосбек Чолпонбаев.
Ал эми өлкө аймагында өзгөчө кырдаалды киргизүү боюнча тийиштүү органдар өздөрү чечим кабыл алат деген пикирин билдирди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн