Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 20:39
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Коронавируска кабылган 144 медикке компенсация төлөндү

28.09.2020 12:22
1032
Коронавируска кабылган 144 медикке компенсация төлөндү


Коронавирус менен ооруган 144 медициналык кызматкерге компенсация төлөндү. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 28-сентябрдагы брифингде билдирди. 


Анын айтымында, жалпы 3 миңден ашык медик иш учурунда коронавирус жуктурганы аныкталган. 


"Компенсация алуу үчүн документтерди толугу менен өткөрүшү керек. Комиссия аларды карап чыгып, жыйынтык чыгарат. Бүгүнкү күнгө чейин 1,5 миңден ашык документ келип түштү. Алардын ичинен 144 медикке компенсация төлөндү. Калган документтер каралып жатат. Мындан тышкары, коронавирустан каза болгон 21 медиктин үй-бүлөсүнө компенсациялык төлөм төлөндү", - деди Үсөнбаев.  


Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Н
Качан берилет 200000 кампенсация