Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 00:22
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Коронавируска кабылган Нурсултан Назарбаевдин абалы айтылды

25.06.2020 09:14
1210
Коронавируска кабылган Нурсултан Назарбаевдин абалы айтылды


Коронавирус аныкталган Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев өзүн жакшы сезип жатат. Бул тууралуу анын басма сөз катчысы Айдос Укибай билдирди. 


Анын айтымында, ал обочолонууда болууда. 


"Нурсултан Назарбаев өзүн жакшы сезип, дарыгерлердин сунуштарын аткарып жана обочолонууда болуп жатат", - деди Укибай.


Ал ошондой эле, Назарбаев Москва шаарында өткөн Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парадга катышпаганын белгиледи. 


Буга чейин Казакстандын мурунку президенти Нурсултан Назарбаевден коронавирус аныкталганы маалымдалган. 


Назарбаев 6-июлда 80 жашка чыгат. 


 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн