Бугу 18, 2024
Убакыт: 22:08
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Коронавируска чалдыккан белгилүү инсандар

30.03.2020 13:37
1092
Коронавируска чалдыккан белгилүү инсандар

 

Коронавирус пандемиясы дүйнө элин түйшөлтүп, илдетке дүйнөнү дүңгүрөткөн спортчулардан баштап, эл башкарган инсандарга чейин чалдыгып отурат. Дал ушул дартты жеңүү үчүн колунда барлар байлыгын сарптап, окумуштулар вакцина издеп жаткан учур. Ал эми жаратылыш бай менен кедейге, атактуу менен карапайым адамга бирдей мамиле кыларын далилдеп отурат.  

 

COVID-19 вирусунан Испаниянын хан бийкеси Мария Тереза көз жумду. Терезанын каза болуусу Европанын падышалык үй-бүлө мүчөлөрүнөн коронавирус пандемиясынан каза болгон алгачкы жагдай катары катталды.


Мария Тереза



Ал эми Кытайдан чыккан илдет башка Европанын падышалык үй-бүлө мүчөлөрүн да түйшөлттү.


Британиянын ханышасы Елизаветта  II Виндзор шаарына карантинге жаткырылган. Ошондой эле падышанын уулу ханзада Чарльз менен жары Камилла изоляцияда жатат, ханзада вируска чалдыккан Монаконун төрөсү Альберт II менен сүйлөшкөн.


Чарльз учурда өзүнүн резиденциясында дарыланып жатканы кабарланат.


Падышалык үй-бүлө мүчөлөрү.



Ошондой эле, Австриянын акыркы императорунун небереси 59 жаштагы Карл фон Габсбургдан вирус табылган. Ал илдетти жөн гана сасык тумоо деп ойлоп, тесттен таза чыгарына ишенген.


Карл фон Габсбург





Коронавирустан жабыркаган саясатчылар да көп. 


Франциянын мурдагы өнөр жай министри жана “Элдик кыймыл союзу” партиясынын мурдагы башкы катчысы Патрик Деведжян коронавирус илдетинен каза болду.

 

Улуу Британиянын Саламаттыкты сактоо министри Мэтт Хэнкок жана премьер-министри Борис Жонсон COVID-19 дартын жугузуп алган. Украинада депутаттар Сергей Шахов жана Сергей Вельможный коронавирусту жуктуруп алган.

 

Иранда вице-президент Эсхак Жахангириден жана 20 ашун депутаттан инфекция табылган. Ал эми саясатчылар Сейед Мохаммад Мирмихаммади менен Мохаммад Али Рамазани Дастак илдеттен каза тапкан.

 

АКШда “Демократтар” партиясынын Миссури штатындагы лидери Уильям Граймс илдеттен көз жумду.

 

Айтор коронавирустан улам карантинде жаткан жана илдетти жуктурган саясатчылар 190дон ашык өлкөдө бар.


Спорт жана маданият кызматкерлери ардайым өзүлөрүнө кам көрүп жүрөт, бирок коронавирус алардын да айрымдарына жеткен.

 

Атактуу АКШлык кино жылдызы Том Хэнкс жана анын жубайы Рита Уилсон коронавирус илдетин Австралияда жуктуруп алган. Ошондой эле, дарт Ольга Куриленкодон да табылган.


Том Хэнкс жубайы Рита Уилсон менен.



 

Вирус Испаниянын “Валенсия” командасынын 10 футболчусунан жана 15 кызматкеринен табылган. Италиянын “Ювентус” командасынын оюнчулары Даниэле Ругани, Блез Матюиди жана Пауло Дибаладанда инфекция аныкталган.


"Ювентустун" оюнчулары.




 

Мындан сырткары “Олимпиакос” жана “Ноттингем Форест” футболдук клубдарынын ээси грециялык ишкер, саясатчы Евангелос Маринакис да ооруну жуктуруп алган.

 

Илдетке чалдыккан атактууларды санай берсең миңдеп чыгат. Демек COVID-19 пандемиясы байлыгыңа, баркыңа карабаган дарыгерлер жана профессорлордун да өмүрүн алып жаткан өтө кооптуу илдет экенин эстен чыгарбай карантиндин тартибин сактайлы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн