Бугу 21, 2024
Убакыт: 01:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Коронавируска каршы дүйнөдөгү алгачкы вакцина Россияда катталды

11.08.2020 15:24
1166
Коронавируска каршы дүйнөдөгү алгачкы вакцина Россияда катталды


Россиянын президенти Владимир Путин өкмөт мүчөлөрү менен болгон жыйында коронавируска каршы алгачкы вакцина катталганын жар салды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыкты.


Путиндин айтмында, вакцинаны каттоо бүгүн эрте менен ишке ашкан.


“Менин билишимче, коронавирус инфекциясына каршы дүйнөдөгү алгачкы вакцина бүгүн эрте менен катталды”, - деген Путин.


Россиянын президентти саламаттыкты сактоо министри Михаил Мурашкону вакцина тууралуу кененирээк маалымат берүүнү суранган.


“Тийиштүү деңгээлде эффективдүү таасир этерин билем, туруктуу иммунитетти да калыптандырат жана кайталап айтам, баардык тийиштүү текшерүүлөрдөн өткөн”, - деп кошумчалаган Путин.


Каражат Н.Ф.Гамалеи атындагы Улуттук эпидемиология жана микробиология изилдөө борборунда ойлоп табылган. Клиникалык изилдөөлөр август айынын башында жыйынтыкталган. Жакынкы күндөрү вакцина медициналык мекемелерге жеткирилери айтылат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн