Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 18:21
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Коронавируска каршы эмдөө ушул жумада башталат

Коронавируска каршы эмдөө ушул жумада башталат

Коронавируска каршы эмдөө ушул жумада башталат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлнара Ишенаписова билдирген.


Анын айтымында, жума күнү өлкө Кытайдын "Синофарм" вакцинасынын 150 миң дозасын алган.


«Бизге расмий документтердин бардыгы дем алыш күндөрү келип түштү, алардын бардыгы англис тилинде. Биз аларды котордук. Бүгүн эмдөө боюнча илимий-техникалык топтун жыйыны болот, биз анын сунуштарын алабыз. Балким ушул жумада Бишкек шаарында, Чүй облусунда, эмки жумада Ошто эмдөө иштерин баштайбыз», - деди Гүлнара Ишенаписова.


Медициналык кызматкерлер, мугалимдер, социалдык кызматкерлер, Ички иштер министрлигинин кызматкерлери, бажычылар, чек арачылар жана  өнөкөт оорулары бар адамдар  биринчилерден болуп эмдөөдөн өтөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн