Бугу 09, 2024
Убакыт: 02:31
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Коронавируска каршы эмдөөдөн өткөндөр үчүн Бишкекте кайсы жерлерде жеңилдиктер каралган?

03.11.2021 15:07
543
Коронавируска каршы эмдөөдөн өткөндөр үчүн Бишкекте кайсы жерлерде жеңилдиктер каралган?

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча шаардык ыкчам штабдын пландык жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.


Жолугушууда борбор калаадагы эпидемиологиялык абал, ошондой эле шаар тургундарын COVID-19га каршы эмдөөнүн жүрүшү талкууланды.


Муниципалитеттин башчысы калкты эмдөөнү тездетүү зарылдыгын белгиледи.

Белгилей кетсек, райондук акимчиликтер бизнес түзүмдөрү менен COVID-19га каршы эмдөө боюнча иш алып барууда.


Бүгүнкү күндө Биринчи май районунда эмдөөлөргө төмөндөгүдөй жеңилдиктер каралган:

• «Россия» кинотеатры, дареги: Чүй пр. 213 - 5%

• "LION" бут кийим дүкөндөр тармагы - 5%

• "ETOR" бут кийим дүкөндөр тармагы - 5%

• "BAIRA" мода үйү - 5%

• "Sierra" кофе дүкөнү - 10%

• "Парк кафе" түрк ашканасы, дареги: Т.Молдо, 28/11 - 10%

• «Атом» компьютердик клубу, дареги: Манас проспектиси, 97 - 10%

• "Жаклин" гүл дүкөнү, дареги: Жибек Жолу проспектиси, 346 - 10%

• "Madfood" кафе тармагы - 15%

• «Joma» спорт кийимдер дүкөнү, дареги: Т.Молдо, 114/1 - 20%

Сверлдлов району:

Эмдөөдөн өткөн шаардыктар үчүн төмөнкү дүкөндөрдө товарларды сатып алууга жеңилдиктер берилет:

1. «Jools» дүкөнү – 15%;

2. "NCS" дүкөнү - 15%;

3. «Алиби» дүкөнү - 10%;

4.«Patrizia» дүкөнү - 10%;

5. Sportmaster дүкөнү - 10%;

6. «Mia Home» дүкөнү - 5%;

7. Levise дүкөнү - 10%;

8. “Lady Collection” дүкөнү – 10%;

9. «Mouline rouge» дүкөнү - 10%;

10.«Euro Moda» дүкөнү - 10%;

11. “Leto Market” дүкөнү – 10%;

12. «Sandra» дүкөнү - 10%;

13. «Инсар» кафеси - 10%;

14. «Burger House» фастфуд - 10%;

15. «Barbershop» чачтарач - 10%.

Октябрь району:

"Космо парк" борбору (боулинг) - 5%;

"Космо парк" борбору ("Иллюзия" аянтчасы) -10%;

"Космо парк" борбору (балдар кафеси) - 10%;

Таш Рабат соода борбору (балдар аянтчасы) - 1 саат бекер;

Фитчи Хаус - 10%;

«Пятница» караоке-бар - 10 ыр бекер.

Ленин районунун аймагында лотерея ойнотулууда. Ойнотуу 2021-жылдын 25-ноябрында саат 17:00дө муниципалдык администрациянын Фейсбуктагы расмий баракчасында түз эфирде өткөрүлөт.

Лотереяда төмөнкүлөр ойнотулат:

- Уюлдук телефон;

- зымсыз кулакчындар;

- Power банк;

- Спорт залга абонемент жана башка көптөгөн баалуу белектер.


Ленин районунун жашоочулары 2021-жылдын 1-ноябрынан баштап райондун эмдөө пункттарынан коронавируска каршы вакцинаны алуусу зарыл, эмдөөнү тастыктаган карта менен муниципалдык администрациянын имаратына жана муниципалдык аймаккктык башкармалыгына барышы керек. Анкетаны толтуруңуз жана лотереянын купонун айрып, барабанга ыргытыңыз.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн