Бишкекте дарыгерлердин көп кабаттуу батирдин тепкичинде эле коронавируска анализ алып жатканы жарандарды нааразы кылууда. Мындай пикир айтып чыккандардын бири социалдык баракчасына сүрөт жайгаштырган. Андан чындап эле тепкичтен эле дарыгерлер адамдарды текшерип жатканын көрүүгө болот.
“Covid-19га тестти көп кабатту үйдүн тепкичинен алабы? Ишти ойлонуштурбай баштаганы тан калтырат. Тез жардам унаасын короого токтотуп койсо, элдер өзү эле бармак. Өздөрү вирусту таркатып жүрүшөт”, - деп жазган фейсбук колдонуучусу Надыр Иманбеков.
Мындай көрүнүшкө нааразы болгон шаар тургундары минтип тест алышса, дарыгерлер илдеттин тарашына мүмкүнчүлүк түзүп, ооругандар алда канча көбөйөрүн жазышууда.
Бул окуя, аталган сүрөттөр боюнча азырынча тийиштүү органдар үн ката элек.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн