Коронавирус инфекциясынан Ош жана Ысык-Көл облустарында дарыгерлер каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Анын айтымында, илдеттен каза болгон эки дарыгер тең эркек кишилер.
“Ош облустар аралык ооруканасынан 62 жаштагы медицина кызматкери каза болду. Ал эми экинчиси Ысык-Көл облустук ооруканасынан 61 жаштагы врач педиатр дүйнөдөн кайтты”, - деди Акматова.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн