Бугу 21, 2024
Убакыт: 04:31
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Жогорку Кеңештин эки депутаты коронавирустан айыкты. Алар эмне менен алек?

10.07.2020 15:50
1543
Жогорку Кеңештин эки депутаты коронавирустан айыкты. Алар эмне менен алек?


Жогорку Кеңештин депутаттары Тазабек Икрамов менен Экмат Байбакпаев коронавирус инфекциясынан сакайып чыгышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынын башчысы Ибрагим Нуракун уулу социалдык тармактагы баракчасына жазды. 


"Жакында экөө тең каронавирустан сакайып чыгышты. Экмат Байбакпаев да ооруканадан үйүнө кайтып келиптир. ПЦР-тесттер таза чыкканын айтты. Мага телефон чалып: "Депутаттар элге жардам бериши керек, элдин арасында болушу керек" - деп жазганыңды окудум. Азырынча эшикке чыга албайм. Бирок, Сокулук районунда төрт айылдын доктурларына жардамчыларым кол кабыш кылып атат. Колдон келген жардамдарды берип атабыз", - деди. Тазабек мырза да өзү ооруп жатканына карабай, Кызыл-Аскерде күндүзгү стационар ачууга каралашты", - дейт ал. 


Буга чейин Жогорку Кеңештин дагы эки депутаты -  Тазабек Икрамов менен Экмат Байбакпаевден коронавирус инфекциясы аныкталганы маалымдалган. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн