Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 00:36
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Коронавирустан кайсы азыктар сактайт?

24.03.2020 11:30
1239
Коронавирустан кайсы азыктар сактайт?


 

Бүтүндөй дүйнө жүзүн дүрбөлөңгө салып жаткан коронавирус ылаңы жер бетине чоң коркунуч жаратты. Көпчүлүк жарандар бул дарттан сактануунун түрдүү жолдорун издеп жатат. Ал эми дарыгерлер эң башкысы адамдын иммунитети жогору болушу керектигин айтууда. Ал үчүн витаминге бай азыктар менен тамактануу зарыл.

 

Россиялык дарыгер-диетолог Лидия Ионова вирустук ооруларды алдын алчу азыктардын тизмесин РИА Новостиге берген маегинде билдирген. Адистин айтымында, илдет өтүшүп кеткенге чейин адам витаминге бай азыктар менен ооруну алдын алса болот.  

 

"Деңиз капустасы, сарымсак, пияз, айрыкча кызыл пияз жана имбирь вируска каршы эң эффективдүү азыктар болуп эсептелет. Эпидемия учурунда бул азыктар ар бир адамдын тамак рационунда болушу керек. Буларды чийки бойдон, эч кандай кошулмасы жок пайдаланууну сунуш кылам", — деген Ионова.

 

Диетолог бул азыктарды колдонуунун алдында өнөкөт оорулары барлар алгач адистерге кайрылышы керектигин эскерткен.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн