Бугу 20, 2024
Убакыт: 07:42
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Коронавирустан каза болгон 18 медициналык кызматкердин үй-бүлөсүнө 1 млн сомдон берилди

04.09.2020 13:46
960
Коронавирустан каза болгон 18 медициналык кызматкердин үй-бүлөсүнө 1 млн сомдон берилди


COVID-19дан каза болгон 18 медицина кызматкеринин үй-бүлөсүнө 1 млн сомдон берилген. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 4-сентябрдагы брифингде билдирди. 

Анын айтымында, коронавирусту иш учурунда жуктуруп алган медицина кызматкерлерине кенемте төлөө боюнча комиссиянын кароосуна 800гө жакын документ келип түшкөн.

"Медициналык мекемелерде атайын комиссиялар түзүлгөн. Бүгүнкү күнү коронавирустан каза болгон 18 медицина кызматкеринин үй-бүлөлөрүнө 1 млн сомдон кенемте которулду. Жалпы 34 учур боюнча документтер каралып, комиссия иштеп жатат. Бүгүнкү күнгө карата 7 медицина кызматкери 200 миң сомдон алышкан", - деди ал. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн