Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 04:32
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Коронавирустан каза болгон 21 медиктин үй-бүлөсүнө 1 млн сомдон төлөндү

11.09.2020 15:25
1137
Коронавирустан каза болгон 21 медиктин үй-бүлөсүнө 1 млн сомдон төлөндү


Бүгүнкү күнгө карата каза болгон 21 медициналык кызматкердин үй-бүлөсүнүн ар бирине 1 миллион сомдон төлөндү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттыкты сактоо департаментинин башчысы Айнура Акматова билдирди. 


Анын айтымында, медициналык кызматкерлерге жана коронавирус илдетинен каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө компенсациялык төлөмдөр уланып жатат. 


"11-сентябрга карата 144 медицина кызматкерлерине 200 миң сомдон жана 21 үй-бүлөгө ар бирине 1 миллион сомдон төлөндү", - деди Айнура Акматова.


Белгилей кетсек, өкмөттүн токтомуна ылайык, эпидемиялык очокто кызмат учурунда турган COVID-19 оорусун жуктурган медицина кызматкерлери жана инфекциянын кесепетинен каза болгон медициналык кызматкерлердин үй-бүлөлөрү бир жолку компенсация алууга укуктуу. 

 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн