Бугу 13, 2024
Убакыт: 18:28
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Боронов: Коронавирустун экинчи толкунуна даяр болушубуз керек

05.08.2020 14:24
933
Боронов: Коронавирустун экинчи толкунуна даяр болушубуз керек


Кыргызстанда эпидемиологиялык абал оор бойдон калууда. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов 5-августтагы брифингде билдирди. 


Анын айтымында, кээ бир өлкөлөрдүн тажрыйбасына караганда, коронавирустун экинчи толкуну башталганын көрүүгө болот. 


"Биз учурда күз-кыш мезгилине даярданып жатабыз. Кокус, коронавирустун экинчи толкуну болуп кетсе, ага даяр болушубуз керек. Кышында сасык тумоо сыяктуу курч респиратордук оорулар күчөйт. Бул үчүн Саламаттыкты сактоо министрлиги жана өкмөт даярданып жатат. Көпчүлүк аймактарда дарыгерлер жетишсиз. Ошондуктан медиктерди атайын даярдоо курстарынан өткөрүп, башка адистикте иштеп жаткан дарыгерлерди кайра окутуп жатабыз. Алардын санын көбөйтүп, даярдоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө", -  деди өкмөт башчы К.Боронов. 


Ошондой эле, ал саламаттыкты сактоо уюмдарынын менчигине карабай, медициналык жардам көрсөтүү үчүн шарттар түзүлөрүн белгилеп, жеке менчик лабораториялар, жеке менчик клиникалар пандемия шартында иштей турганын айтты. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн