Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 19:31
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.972

Коронавирустун экинчи толкуну качан жана кандай болот? Адистердин божомолу

19.07.2020 12:23
7200
Коронавирустун экинчи толкуну качан жана кандай болот? Адистердин божомолу


Коронавирустун экинчи толкуну ушул жылдын күз жана кыш айларында болорун көпчүлүк эксперттер болжолдоп жатышат. Кыргызстандык эпидемиолог Алексей Кравцовдун пикири боюнча коронавирустун экинчи толкуну биринчиге караганда күчтүрөөк болот.


Биз  биринчи толкунунда эмне болгонун көрдүк. Вирус акырындык менен айланып, толук жайылып жатат. Бул эпидемиологиялык процесс, аны токтото албайбыз. Ооруканага жакындарын алып келген адамдар, бейтаптарга кам көргөндөр ооруну бири-бирине жуктуруп жатышат. Экинчи толкуну биринчиге салыштырмалуу күчтүү жана кооптуурак болот. Буга жарандар жана саламаттыкты сактоо тармагы дагы азыртадан даяр болушу керек. Ар бир адам жок дегенде иммунитетин чыңдашы керек”, - деди ал.


Ал эми дүйнөлүк WMA медициналык дарыгерлер биримдигинин мурдагы жетекчиси, профессор Леонид Эйдельмандын айтымында, COVID-19 кайрадан ноябрь жана декабрь айларында тарашы мүмкүн.

 

"Бул айларда курч респиратордук вирустук инфекциялар күч аларын билебиз. Ошондуктан аларды коронавирус менен ооругандардан айырмалоо кыйын болот. Бейтаптардын бардыгы эле чүчкүрүп, жөтөлөт эмеспи. Бул толкун жайкыга караганда көбүрөөк кыйынчылык туудурат. Ага саламаттык сактоо системасы даяр турушу керек", — дейт дарыгер.

 

Ал эми Ухань университетинин вирусология бөлүмүнүн профессору Ян Чжаньцю коронавирустун экинчи толкуну биринчиге караганда күчтүү жана оор болушу ыктымал деген пикирде.


Анын пикиринде экинчи толкундун башталышы эмитеден байкалууда. Кайсы бир өлкөлөрдө ооругандар азайса, кээ бир жактарда күндөн-күнгө өсүп жатат. Маселен, бир кезде коронавируска ээ боло албай калган Италияда абал жакшырса, ошол эле учурда Кытайда илдетке чалдыккандар кайрадан катталууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн