Коронавирустун жаңы "дельта" штаммы Кыргызстанда болушу мүмкүн. Мындай билдирүүнү Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органынын өкүлү Динара Оторбаева билдирди.
Анын айтымына караганда, коронавирустун индиялык түрү март айында катталган.
"Россияга май айынын соңунда жөнөтүлгөн лабораториялык анализдердин жыйынтыгы жакынкы күндөрү келет. Анализдердин жыйынтыгына карап өлкөдө коронавирустун кайсы түрлөрү бар экенин билүүгө болот. Азырынча "дельта" түрү боюнча айтуу кыйын, бирок Кыргызстанда болушу мүмкүн",- деди Оторбаева.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн