Чын курандын 20, 2025
Убакыт: 08:57
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Коронавирустун жаңы симптому табылды (сүрөт)

31.10.2020 16:50
634
Коронавирустун жаңы симптому табылды (сүрөт)


Эл аралык дерматологиялык жамааттар лигасы жана Америка дерматология академиясынын окумуштуулары коронавирустун жаңы жана күтүлбөгөн симптомун табышты. Бул тууралуу чет өлкөлүк ММКлар жазып чыкты.

COVID-19 оорусун жуктуруп алган адамдардын манжаларында дүүлүгүү пайда болуп, манжалары аябай кызарып кетиши мүмкүн. Белгилери үшүккө окшош, ал бир-төрт жумага созулат жана буттун шишип кетишине алып келет.

Адистер белгилегендей, айрым пациенттерде симптом бир нече ай бою сакталып калган. Бирок, көпчүлүк учурларда симптом жеңил болот.

Маалыматтар боюнча, Эл аралык COVID-19 дерматологиялык реестринде коронавирус менен ооругандар ушул сыяктуу учурларга туш болушкан. Бул бейтаптардын жарымына жакыны бут сезгенип, алардын 16 пайызга жакыны ооруканага жаткырылган. Буга чейин илимпоздор коронавирус адамдын ден-соолугу калыбына келгенден кийин анын ички органдарына зыян келтие берет деген бүтүмгө келишкен.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн