Чын курандын 17, 2025
Убакыт: 16:18
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Коронавирустун жаңы түрү боюнча окумуштуулардын божомолу

26.12.2020 13:58
1320
Коронавирустун жаңы түрү боюнча окумуштуулардын божомолу


Англиянын түштүк-чыгышында пайда болгон жаңы коронавирус штаммы SARS-CoV-2 келерки жылы ооруканага жаткырылуулардын жана COVID-19дан каза болгондордун көбөйүшүнө алып келет. Мындай тыянакка Лондондогу гигиена жана тропикалык медицина мектебинин Инфекциялык ооруларды математикалык моделдөө борборунун окумуштуулары келишкенин ЖМКлар жазып чыгышты.


Phys.org сайтында жарыяланган изилдөөдө жаңы штамм жугуштуу болушу мүмкүн, анткени ал SARS-CoV-2нин башка түрлөрүн тез алмаштырат жана оорунун күчөшүнө, саламаттыкты сактоо тутумуна оорчулуктун көбөйүшүнө жана өлүмдүн жогорку деңгээлине алып келет. 


Изилдөөчүлөр белгилегендей, эгерде билим берүү мекемелери жабылбаса, аймактык чектөөлөр COVID-19дун жайылышына тоскоол боло албайт.


Учурда британиялык штамм Германияда, Швейцарияда, Данияда, Австралияда, Голландияда, Японияда жана Түштүк Кореяда катталган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн