Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 16:15
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Көрөрман сүйгөн өлөрман (Каскадер)

21.08.2021 15:21
1105
Көрөрман сүйгөн өлөрман (Каскадер)


Жеки Чан дээрлик 60 жыл мурун азыркы ийгиликтерине жетиш үчүн кадам таштаган. Жаны тынбаган Жеки азыр дагы
тасма таруу менен алек. Азыркыга чейин анын эч качан өзгөртпөгөн эрежелери бар. Ал эрежелер кандай гана коркунучтуу трюктар болбосун өзү фокуссуз аткаруу. Актёрдун 1986 -жылы эле кинодогу трюктан баш сөөгү сынган.


Жеки өзү өлөрмандыгы жөнүндө мындай дейт: "Мен өлө турган учурлар көп эле болгон. Балким, ар бир тасмада бир - экиден, ал эми жаш кезимде көп болгон. Менин оюмча, мындай учурлар 200дөн ашты го".

Жеки Чан азыр деле эле машыгат, бирок жашы өткөн сайын акробатиканы кинолорунда бир аз жөнөкөйлөтө баштаган. Көптөгөн жаштар 67 жаштагы анын формасына көз артып карашат. Ал үчүн тынымсыз машыгуу кадимки көнүмүш болуп калганын айтат: "Мен бир күн да артка чегинбейм. Бул мага тамактануу менен эле чектелбөөгө мүмкүндүк берет. Ашыкча бир нерсе жеген болсом, ага кошумча жарым саатты кыймыл аракетке жумшайм. Эртең менен күндү чуркоо менен баштайм, бул менин денемди жылытууга жана андан ары машыгууга даярданууга мүмкүнчүлүк берет. Андан кийин жөнөкөй көнүгүүлөргө өтөм. Кунг-фу жана йога аркылуу көп сырларды ачсаңар болот. Алар сизге көңүл көтөрүүнү дене менен рухтун ортосундагы тең салмактуулукту табууну үйрөтөт. Алар акыл - эсиңизди таза сактоого, ички кубанычты сезүүгө жана акылыңызды тышкы таасирлерден коргоого жардам берет." дейт

Жеки Чандын баарына жете туран энергиясы бар - анын каскадерлор мектебине жетекчилик кылат, китеп жазат, кайрымдуулук иштери менен алектенет (мисалы, жакырлар үчүн мектептердин жана ооруканалардын курулушуна тынымсыз инвестиция салат), көптөгөн бизнес долбоорлорду башкарат жана ырдайт. Бирөө: "Мен кытайларды жаман көрөм, бирок Жеки Чанды көргөндө ал сезимдерим жок болуп кетет", - деп айткан экен. Инсан ийиликке өжөрлүк, сабыр, эмгек жана китеп окуп билим менен жете турганына Жекинин кылгандары далил.

Которуп даярдаган Жеңишбек Жумакадыр

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн