Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 16:28
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Коррупция фактысы менен кармалган депутаттын бир тууганы мамлекетке 100 миң доллар кайтарды

13.01.2021 14:45
525
Коррупция фактысы менен кармалган депутаттын бир тууганы мамлекетке 100 миң доллар кайтарды

Пара алып жаткан жеринен кармалган Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын (ТББ) бажылык жол-жоболоштуруу тобунун башкы инспектору М.Келдибаев өлкөнүн бюджетине 100 миң доллар төлөдү. Бул тууралуу  УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматтар боюнча, Келдибаев бул сумманы январдын башында төлөгөн.

Белгилей кетсек,  29-декабрда УКМК ККК пара талап кылуу фактысы боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, КР Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын (ТББ) бажылык жол-жоболоштуруу тобунун 1972-ж.т. башкы инспектору 1000 доллар өлчөмүндөгү акча каржатын алып жаткан жеринен кармалган. Ал Кыргызстандын аймагы аркылуу жүк ташуучу транспорт каражаттарын транзиттик жол менен өткөрүү үчүн жеке ишкерден акча каржатын талап кылган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн