Кулжа 20, 2025
Убакыт: 17:11
USD
87.30
87.80
EUR
100.20
101.20
RUB
1.100
1.130

Коррупцияга айыпталган кызматкерлерди зыянын төлөп берсе да мамлекеттик кызматтарда иштөөсүнө тыюу салуу сунушталды

16.11.2021 14:00
608
Коррупцияга айыпталган кызматкерлерди зыянын төлөп берсе да мамлекеттик кызматтарда иштөөсүнө тыюу салуу сунушталды

“Коррупция” жана “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган адамдарга мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кирүүгө тыюу салууну киргизүү зарыл. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин жетекчиси Нурипа Муканова билдирди.


Анын айтымында, тыюу салуу адам соттуулугу жоюлган же коррупциялык кылмыштардан мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтурууну иликтөө менен кызматташууга байланыштуу кылмыш жоопкерчилигинен бошотулган учурда да күчүндө болушу керек.


"Коррупцияга каршы стандарттарды сактабагандыгына байланыштуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматтан бошотулган кызмат адамдарына мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кирүүгө, директорлор кеңешинде, мамлекеттик үлүшү бар ААКтын башкаруу органдарында кызмат орундарына дайындалууга тыюу салуу керек",- деди ал 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн