Коррупцияга каршы ишкердик кеңештин биринчи жыйынынын жыйынтыгы боюнча Резолюция кабыл алынды
Бүгүн, 16-ноябрда, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президентине карашту Коррупцияга каршы ишкердик кеңештин биринчи жыйынынын жыйынтыгы боюнча Резолюция кабыл алынды.
Талкуунун жыйынтыгында төмөнкү чечимдер кабыл алынды:
— Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы стратегиясынын концепциясын негиз катары кабыл алуу;
— Жумушчу топту түзүү жана 2021-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясатынын стратегиясынын долбоорун иштеп чыгуу;
— Коррупцияга каршы эл аралык күндү өткөрүү боюнча сунуштарды киргизүү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн