Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 21:57
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Коррупцияга каршы күрөшүүдөн өлкөгө 7,6 млрд сом кайтарылган

23.10.2021 12:53
866
Коррупцияга каршы күрөшүүдөн өлкөгө 7,6 млрд сом кайтарылган

Коррупция менен күрөшүү – бул элдин талабы, азыр коррупцияга ким аралашканына, кандай кызматта отурганына карабай күрөш жүрүп жатат. Бул тууралуу КР президенти Садыр Жапаров маалымат жыйыны учурунда билдирди.


Анын айтымында, 854 кылмыш иши боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп, коррупцияга каршы күрөштөн кайтарылган каражаттын суммасы 7 миллиард 464 миллион сомду түздү.


«Коррупция менен күрөшүү жана бизнести колдоо максатында Коррупцияга каршы ишкердик кеңеши түзүлдү», - деди ал.


Белгилей кетсек, учурда Бишкекте «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаровдун жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн ири маалымат жыйыны өтүп жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн