«Кыргызча демократия» түшүнүгүнүн учу-кыйыры көрүнбөгөн мейкиндикке айланганына көп болду. Ошонун анык теоремасын 28-февралда Ош шаарында Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, коррупцияга айыпталып камакка алынган Райымбек Матраимовду колдоого багытталган митинг көргөздү. Бул митингге болжолдуу түрдө 15-20 миңдин тегерегинде киши катышканын да маалымат каражаттары жазышты. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары Мирлан Бакиров, Бактыбек Райымкулов, Таабалды Тиллаев, Искендер Матраимов да катышты. Митингде сөз сүйлөгөндөр Райымбек Матраимовду кыргыздын чыгаан уулдарынын бири катары айтышып, аны ак жеринен эле камалып кетти дегендей пикирлерин билдиришти.
Эгер эске салыш керек болсо, анда Райымбек мырза буга чейин өзү бажы тармагында
коррупцияга аралашканын мойнуна алганын, мамлекеттин эсебине 2 миллиард сом төлөп бергенин, соттун
чечими менен да күнөөлүү деп табылып, 260 миң сом айып пул салынганын
айтышыбыз керек. Ошондо ал «Мен коррупционермин, бажы кызматында иштеп жүрүп мамлекетке түшүшү керек болгон акчаларды өзүмдүн чөнтөгүмө уруп койдум эле» деген
болуп жатпайбы. Анан кантип аны «ак жеринен камалып кетти» деп айтууга болот?
Экинчиден, деги биз өзү эмнени каалап жатабыз? Мамлекетте
коррупциянын жоюулуп, элдин ырыскысы уурдалбаган акыйкат системанын орношун
каалайбызбы, же коррупциянын мындан ары да үзгүлтүксүз уланышын, анын улам күчөп турушун каалайбызбы?
Адегенде ушул каалообузду аныктап албайлыбы?
Үчүнчүдөн, карапайым жарандар балким коррупцияны
жакшы түшүнбөгөндөн улам, анын мамлекеттин экономикасына
кандай оор залакасын тийгизе турганын билбегенинен улам митингге чыгып алышты
дейли. Ал эми жогоруда аттары аталган депутаттарчы? Же алар да коррупциянын
залакасын билишпейби? Же өткөн жылдагы парламенттик
шайлоодо «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмесинде ат салышкандары үчүн, финансылык колдоо көрүп калгандары үчүн митингге барыштыбы?
«Эртең абактан чыгып кетсе, анан ар бирибизди бирден чакырып
алып «Эмнеге мени колдоп чыккан жоксуң?» деп сурап жүрбөсүн» деген коркунуч менен
барышкан жокпу? Эгерде алар Р. Матраимовдон материалдык жактан көз карандылыгы бар
болгону үчүн эле аны колдоп чыгып жатышса, демек анда алар
мамлекетте коррупциянын жоюлушун каалашпайт дегендик эмеспи?
Негизи эле бизде коррупцияга шектелип мурда-кийинки чиновниктер камакка алынса,
дароо эле «саясий куугунтукка кабылды» деп митинг уюштура калмай 10 чакты
жылдан бери келаткан көндүм көрүнүш. Эгерде эртең дагы бир олигарх
чиновник коррупцияга айыпталып камакка алына турган болсо, анын да жакындары
митинг уюштурушаарын көзү ачыктардын жардамы жок
эле билебиз. Анан дагы ар кандай митингдер акчанын күчү менен уюштурулары
белгилүү. «Бир тыйын да тараткан жокпуз» деген кадимки
«трафарет» сөзгө эч ким ишенбейт.
Ошентип Ош шаарында 15-20 миң адамды камтыган митинг
эми борбор калаада уланбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Бишкек шаарынын
Ала-Тоо аянтына 10 миң адам чогулса эле эмне болуп кетерин буга
чейинки окуялардан жакшы билебиз. Анча адамды башкаруу өтө кыйын болуп калат. «Ак үйгө чуркабагыла», «таш
ыргытпагыла», «биздин максат жөн гана тынчтык митингин өткөрүү» деп канча кыйкырсаң деле уккан адам
болбойт. Эгер ошончо адамдын сүрүнөн чоочулап, бийлик Р.
Матраимовду камактан чыгарып жибере турган болсо, эртеси эле «Бийлик
Матраимовду коргоп жатат» дегендердин митинги башталат. Андайда өзгөчө Батыш менен мамилелери
бар бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү катуу активдешет.
Мына ушундай эки тараптан кысымга алып турган маалда бийлик кантип иштей алат?
Бийлик эч кимди капа кылбай турган үчүнчү вариантты кайдан табат?
Мындай эки тараптан кысымга алуу – бул ансыз да алсыз болуп турган
мамлекетибиздин мойнун эки тараптан катуу кысып, муунтуу менен барабар.
Экономикалык абалыбыз катастрофалык абалда. Азык-түлүктүн баасы күн санап өсүп жатат. Бензиндин баасы
40 сомдон ашты. Курулуш материалдарынын баасы да асман чапчыды. Кымбатчылык
туш-тараптан кысып турат. Мындай убакта бизге түрдүү митингдер зыянын гана
тийгизет. Стабилдүүлүк канчалык олку-солку болгон
сайын кымбатчылык каарын күчөтө берет.
Алты миллиондон ашуун калкы бар Кыргызстандын тагдырын 15-20 миң адам топтолгон митингдер калчай бере турган көрүнүштү тыюуга учур келди. 15-20 миң адамды биздеги ар бир олигарх акча менен оңой эле топтой алат. Алар мамлекеттен каалагандай миллиарддап уурдап, кайра анын 2-3 тамчысын митингдерге жумшап коюп отура берсе мамлекет кантип оңолот?
Баса, ал эми учурдагы кыргыз бийлиги митингдер бизди иштетпей жатат деп шылтоолоп
отура бербестен, азык-түлүктөрдүн, бензиндин бааларын
тез арада көзөмөлгө алып, мурдагы калыбына кайтарып келбесе,
айрым жарандар үйүндө ачка отуруп калган
абалга келди. Эл канчалык ачка болгон сайын, аларды 1000-2000 сом менен митингге
алып чыгуу ошончолук жеңил боло турганын эске алуу керек.
Сагынбек Сатыкеев
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн