Бугу 02, 2024
Убакыт: 10:36
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.965

Кошуналар маани берген эмес. Азамат Ногойбаев үч адамдын өлүмү тууралуу айтып берди

27.02.2023 13:06
1119
Кошуналар маани берген эмес. Азамат Ногойбаев үч адамдын өлүмү  тууралуу айтып берди

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Азамат Ногойбаев АКИпресс агенттигине 3 адамдын өлүмү тууралуу айтып берди.





"Шектүү менен аял мас болушкан, экспертизанын жыйынтыгы бар. Батирде столдун үстүнөн бөтөлкөлөр табылды. Кийин экөө уруша кетишкен.
Шектүү мурда соттолгон эмес, спортчу, ЖК депутаттыгына талапкер болгон.

Кошуналар эмерек ары-бери жылдырылып, ызы-чуу, кыйкырык болуп жатканын угушкан. Кыз терезеден секиргенде машинанын сигнализациясы дагы иштеген.

Бирок буга анча маани беришпей, үй комитетинин жетекчисине кечирээк айтышкан. Домком жумуштан келгенден кийин видеокамераларды карап, райондук милицияга кабарлаган. Милиция менен ӨКМдин кызматкерлери келип, батирди ачып, 3 адамдын сөөгүн табышкан.

Шектүү таңкы саат төрттө өз үйүндө кармалган. Ал каршылык көрсөткөн эмес",- деди Ногойбаев.

Милиция башчысы калаа тургундарына кайрылып, кошуналар ызы-чуу болсо, милицияга кабарлоого чакырды.

Эске салсак, 16-февраль күнү 5-кичи райондо 51 жаштагы аял менен анын 17 жаштагы кызы жана кичинекей уулу киши колдуу болгон. Шектүү катары 37 жаштагы А.Ч. кармалган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн