Бугу 03, 2024
Убакыт: 04:42
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Кой-Таш окуясы боюнча сот отуруму айыпталуучулар алынып келинбегендиктен жылдырылды

03.07.2020 14:53
1233
Кой-Таш окуясы боюнча сот отуруму айыпталуучулар алынып келинбегендиктен жылдырылды


Кой-Таш окуясы боюнча Биринчи май райондук сотунда 3-июлга белгиленген отурум айыпталуучулардын алынып келинбегенине байланыштуу жылдырылды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык,
Биринчи май райондук сотунун өндүрүшүндө А.Атамбаев, Ф.Ниязов, И.Карамушкина, А.Кодуранова, Р.Жеенбеков, М.Мискенбаев, К.Жолдубаева, К.Сагымбаев, М.Шаменов, Р.Карыпбек уулу, Ф.Баабиев, К.Осмоналиев жана Н.Капарбек уулун айыптоо боюнча жазык иши каралууда.


Айыпталуучулардын алынып келинбегендигине байланыштуу, соттук териштирүү 6-июлга саат 10:00гө жылдырылган.


Ал эми Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан абакта отургандарды отурумарга расмий билдирүү менен гана алып барышарын айтты. 


“Биринчи Май райондук сотунан абакта отургандарды алып келүү боюнча расмий билдирүү түшпөгөн. Отурумдун жылдыруусуна ЖАМКтын эч кандай тиешеси жок”, - дешти маалымат кызматынан.




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн