Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 11:51
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Кой-Таш окуясында жаракат алган Самат Курманкулов Кыргызстанга кайтып келет

04.04.2020 16:57
2406
Кой-Таш окуясында жаракат алган Самат Курманкулов Кыргызстанга кайтып келет


Былтыр август айындагы Кой-Таш окуясында жаракат алган Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Самат Курманкулов ооруканадан чыкты. Бул тууралуу  “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине ишенимдүү булактар кабарлады. 


Маалыматка ылайык, Самат Курманкулов Москвадагы реабилитациялык борбордон ушул жума чыгарылган. Ал азыр элчиликтин кызматкерлеринин көзөмөлүндө.  Жакынкы күндөрү Екатеринбург шаарына барып ал жактан чартердик каттам менен Кыргызстанга учуп келет.  


Самат Курманкулов Кой-Таш айылында 2019-жылы 7-8-август күндөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынын учурунда башына таш тийип, оор жаракат алган. Бир нече күн комада жатып, 11-августта Россиядан келген дарыгерлер менен кошо консилиум өткөрүлгөндөн кийин 12-августта Москвага которулган. Бишкекте ага эки жолу операция жасалган.


Анын дарылануусуна өкмөт тарабынан 1 млн 462 миң сом бөлүнгөн. Ал эми өкмөттүн атайын буйругу менен Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан 4 млн 798 миң сом кошумча каралган.


Кийин 2019-жылы ноябрь айында Самат Курманкулов «Эрдик» медалы менен сыйланган.   


Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Жумагул
Ииий байкуш ий
Дамир
Атамбаевдин акмактыгынан бир жоокер олуп бир жоокер майып болуп калды.