Тогуздун айы 22, 2024
Убакыт: 14:32
USD
85.35
85.85
EUR
92.00
93.00
RUB
0.878
0.910

Кой-Ташта төрт киши мушташа кетип, бир адам бычакталып каза болду

Кой-Ташта төрт киши мушташа кетип, бир адам бычакталып каза болду


Чүй облусунун Кой-Таш айылында төрт киши мушташып, бир адам каза болду. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.


Маалыматка ылайык, тополоң тууралуу билдирүү 21-октябрь күнү саат 21:00дө түшкөн.


"Окуя болгон жерге барган жол коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери болжол менен 40 жаштагы бычакталган жарандын сөөгүн табышкан. Кылмышка шектелип 34 жаштагы У.Б. жана 48 жаштагы К.П. аттуу маркумдун ошол күндөгү "бөтөлкөлөштөрү" кармалган. Алардын бири качып бара жаткан", — деп айтылат маалыматта.


Учурда шектүүлөрдүн дагы бирөө изделип жатканы кошумчаланды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн