Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 13:37
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Кой-Таштагы аскер бөлүгүндө жоокер каза болду

Кой-Таштагы аскер бөлүгүндө жоокер каза болду


Бүгүн, 4-июлда Кой-Таштагы №73809 аскер бөлүгүндө жоокер каза болду. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.


Билдирүүгө ылайык, 4-июлда түнкү саат 02:00 чамасында анык мөөнөттөгү кызматын өтөп жаткан 2000-жылы туулган Ж.Э. аттуу аскер постто сакчылык кызматын өтөп жатып, курал колдонуудагы байкабастыктын натыйжасында кокустуктан ок чыккан. Жоокер жаракат алган жеринен көз жумган.


Окуя болгон жерде Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын жетекчилиги, Аскердик прокуратурасынын кызматкерлери, Аламүдүн РИИБ эксперттери, жана 02625, 73809 аскер бөлүгүнүн командачылыгынын курамынан түзүлгөн комиссия иштеп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн