Бугу 15, 2024
Убакыт: 17:53
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Кожобек Рыспаев энергетиктерди электр жарыгы менен үзгүлтүксүз камсыздоого чакырды

20.07.2020 22:08
1029
Кожобек Рыспаев энергетиктерди электр жарыгы менен үзгүлтүксүз камсыздоого чакырды


Кыргызстанда электр энергиясын өчүрбөй үзгүлтүксүз берүү боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмалар берилди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаев бүгүн, 20-июлда Фейсбуктагы видео кайрылуусунда билдирди.


Анын айтымында, интернет булактарында айрым аймактарда электр жарыгын өчүрүү боюнча маалыматтар тарап жатат. Буга байланыштуу ал өлкөдө кырдаал оор болуп, медицина тармагы электр энергиясыз иш алып мүмкүн эмес болуп турган чакта, жарыкты өчүрбөй камсыздап берүү үчүн энергетиктерге кайрылды.   


Азыр ооруканаларда жасалма дем алдыруучу аппараттар менен канча киши жатат? Эгерде жарык өчүп кала турган болсо өзүңөр ойлоп көргүлө, аппараттын бардыгы электр энергия менен иштегендиктен ошол адамдардын бардыгынын өмүрү коркунучта болот”, - деди Рыспаев.


Мындан улам депутат энергетика тармагынын өкүлдөрүнө, тиешелүү жетекчилерге кайрылып, өлкөнү жарык менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга чакырып, алардын түйшүктүү иштерине ийгилик каалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн