Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 10:54
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Кожошев: Текшерүүлөрдү кыскартып, жүк ташуучулар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү зарыл

10.06.2022 14:10
642
Кожошев: Текшерүүлөрдү кыскартып, жүк ташуучулар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү зарыл

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Нур-Султан шаарына (Казакстан Республикасы) иш сапарынын алкагында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин жыйынына катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Кеңешменин жүрүшүндө Арзыбек Кожошев ар тараптуу өз ара кызматташуунун кеңири чөйрөсүнө токтолуп, айыл чарба жана азык-түлүк товарларын үзгүлтүксүз ташууну камсыздоо боюнча ыкчам чараларды кабыл алуунун зарылдыгын белгиледи.


"Чек аралардагы ар-кыл тоскоолдуктарды жана негизсиз текшерүүлөрдү кыскартып, жүк ташуучулар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү маанилүү. Биз кызмат көрсөтүү рыногун либералдаштырууну жана товарларыбыздын жана кызматтарыбыздын эл аралык рыноктордо атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууну жактайбыз", - деп белгиледи Арзыбек Кожошев.


Ал эмгек миграциясын жөнгө салуу боюнча макулдашылган иш-аракеттерди кабыл алууга өзгөчө көңүл бурду.


"Жумушка кабыл алууда жана эмгек келишимдерин бузууда, ошондой эле социалдык жана медициналык жактан камсыз кылууда эмгек мигранттарына барган өлкөнүн калкы менен бирдей укуктарды берүү маселелери каралуусу тийиш", - деп жыйынтыктады министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары.


 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн