Чын курандын 11, 2025
Убакыт: 22:57
USD
87.40
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.028
1.065

Кожошев июндун аягына чейин министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болот

31.05.2022 08:11
1211
Кожошев июндун аягына чейин министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болот


Арзыбек Кожошев үстүбүздөгү жылдын июнунун аягына чейин министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп кала берет, - деп билдирди президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев.

Эске салсак, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) акыркы жыйынында Арзыбек Кожошевди Кыргызстандан Евразиялык экономикалык комиссиянын энергетика жана инфраструктура боюнча министри кызматына дайындоо чечими кабыл алынган.

"ЖЕЭК жыйыны видеоконференция форматында өткөндүгүнө байланыштуу жыйын жыйынтыгында кабыл алынган чечимдерге жана документтерге ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин башчылары тарабынан белгиленген тартипте кол коюлат.

Регламентке ылайык, кабыл алынган чечимдер менен документтерге Евразиялык экономикалык биримдиктин өлкөлөрүнүн бардык лидерлери кол койгон соң Арзыбек Кожошев ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри катары кызматына киришет.

Аталган жол-жоболор бир ай чамасында убакытты алат. Ага чейин Арзыбек Кожошев КР министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп калат берет", - деди Султанбаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн